Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган.
Заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имаратта окуу класстары менен катар лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан.
Курулуш иштери толугу менен аяктап, учурда мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн кошумча орундар түзүлүп, билим берүү инфраструктурасына болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек министрлик тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулду.