Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы маектештерин АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, аларга жана Америка элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны, атап айтканда, темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында пайдалануу үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгү белгиленди.
Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө.





