"ХХ Азия оюндары": Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Азия оюндарын 13-орун менен жыйынтыктады
Новость

Волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Азия оюндарындагы мелдештерин жыйынтыктады. Курама 13-14-орундар үчүн акыркы оюнда Катар курамасы менен беттешип, үч партияда жеңишке жетти. Натыйжада 13-орунду ээледи. 

Ал эми Япония менен Кытайдын курама командалары алтын медаль үчүн кездешет. 

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44