МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде жолугушууларды өткөрдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Адылбек Касымалиев футбол боюнча улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолугушуп, U-17 кыздар курамасын тарыхый жеңиши менен куттуктады.

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын улуттук курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимовду кабыл алды. 

Адылбек Касымалиев башкы машыктыруучуну жаңы кызматы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап, улуттук курама команданын алдыдагы оюндарга даярдыгын арттыруу боюнча пикир алышты.

Учурда улуттук курама команда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Команда 28-сентябрда Мальдив аралдары жана 4-октябрда Ливан курамалары менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Бул беттештер 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыктын алкагында уюштурулууда.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) U-17 кыздар арасындагы чемпионатында чемпион болгон Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы менен жолугушту. 

Кыргызстандын кыздар курамасы Ташкентте өткөн мелдеште Иран жана Тажикстан курамаларын жеңип, Өзбекстан менен тең чыгып, турнирдин жеңүүчүсү болушту. Бул – аталган мелдештердеги Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаш футболчуларды жана машыктыруучулар штабын тарыхый ийгилиги менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан белектерди жана сыйлыктарды тапшырды.