Президент Садыр Жапаров Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, Тринидад жана Тобаго менен жакын алакаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Камла Персад-Биссессарды Тринидад жана Тобагонун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирип, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө көбүрөөк дуушар болгон өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Камла Персад-Биссессар соода, экономика, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндө, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жаатында тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары Тринидад жана Тобагонун Премьер-министри өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу диалогду жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын деңиз транспорттук жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыктарын ырасташты.

5303272124019581047.jpg 63.3 KB