Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Александер Ван дер Беллен менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердигинин алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттерге көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын кийинки жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Ал ошондой эле Кыргызстан банктар аралык өз ара аракеттерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, эки өлкөнүн банктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү соода жана инвестицияларды кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө токтолду.
Буга байланыштуу Президент Кыргызстан жана Австриянын банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу, ошондой эле австриялык банктардын биринин Кыргызстанда филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Австриянын Президенти Александер Ван дер Беллен өз кезегинде австриялык тарап бул сунуштарды карап чыгууга даяр экенин белгилеп, аталган сунушту Австриянын Финансы министрлигине кароого киргизерин билдирди.
Кыргызстан менен Австриянын орток кызыкчылыктарына токтолгон Александер Ван дер Беллен эки өлкө үчүн тоолордун жана тоо экосистемаларынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана суу ресурстары менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон мөңгүлөрдү сактоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн айтты.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Александер Ван дер Белленди Кыргызстанга келип, 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында БУУнун колдоосунда өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине “Бишкек+25” катышууга чакырды.