"ХХ Азия оюндары": Анаита Красноперова спорттук гимнастика боюнча 24-орунду ээледи
Новость

Кыргызстандык гимнастчы Анаита Красноперова Японияда өтүп жаткан "ХХ Азия оюндарында" спорттук гимнастика боюнча мелдешке катышты.

Ал төрт түр боюнча төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:
таянып секирүү - 16-орун; 
кош таякчалар - 44-орун;
керме - 36-орун;
эркин көнүгүү - 40-орун. 

Жыйынтыгында Красноперова 41,031 упай менен 24-орунду ээледи.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44