"ХХ Азия оюндары": Бахтигүл Махмадова ок атуу боюнча 34-орунду ээледи
Новость

Кыргызстандык спортчу Бахтигүл Махмадова 10 метр аралыкка пневматикалык тапанча менен ок атуудан жеке эсептеги квалификациялык мелдешке катышты.

Ал 565 упай топтоп, 59 спортчунун ичинен 34-орунду ээледи. Ушуну менен Махмадова бул дисциплинадагы мелдешин жыйынтыктады.

Бул мелдештин финалына квалификацияда эң жогорку жыйынтык көрсөткөн 8 спортчу өтөт.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44