Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой мектеп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болду.
Мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 3349 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Мындан тышкары, мектептин аймагында окуучулардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн ачык асман алдындагы волейбол жана баскетбол аянтчалары курулду. Учурда объектини пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.