Байдарка боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар финалга чыгышты
Новость

Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында байдарка жана каноэдеги мелдештер уланууда.

Төрт кишилик байдарка жарышында Кыргызстан курамасынын спортчулары - Ерлан Султангазиев, Рысбек Төлөмүшов, Родион Туйгунов жана Урмат Ыманбеков экинчи орунду ээлеп, финалга жолдомо алышты. Финалдык мелдештер 24-сентябрда өтөт.

Ал эми эки кишилик байдаркада 500 метр аралыкка чыккан Ерлан Султангазиев менен Рысбек Төлөмүшов да ийгиликке жетип, финалга чыгышты. Чечүүчү жарыш 25-сентябрда болот.

Жекелик мелдештер болсо 24-сентябрда башталат. Анда өлкө намысын Родион Туйгунов коргойт.

Аннотация 2026-09-23 162142.jpg 57.5 KB