Ушу-саньда боюнча мелдешке катышкан кыргызстандык спортчулар Азия оюндарындагы беттештерин жыйынтыкташты
Новость

Японияда өтүп жаткан "ХХ Азия оюндарында" ушу-саньда боюнча Кыргызстандын үч өкүлү тең жарым финалга өтө алышкан жок.

65 кг чейинки салмакта күч сынашкан Женишбек уулу Марсель кытайлык Чаньцзин Ванга жеңилип калды. Ал эми 70 кг чейин салмакта мелдешке чыккан Аброр Хакимов кытайлык Шуо Мага каршы беттешип, жеңилүү ызасын тартты. 75 кг чейин салмакта беттешкен Темирлан Аманкулов өзбекстандык Дониёр Тургунбаевге жеңилди.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44