Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычтагы оюндарын аяктап, мелдешти жыйынтыктады.
3-турда Кыргызстандын футболчулары Гонконг курамасын 4:0 эсебинде жеңип алышты.
А тайпасындагы беттештердин жыйынтыгы:
Таиланд - 3:2 - Кыргызстан
Япония - 7:0 - Кыргызстан
Кыргызстан - 4:0 - Гонконг
Кыргызстан курамасы А тайпасында 3 упай топтоп 3-орунду ээледи.
Тайпадан плей-оффко эң жогорку 6 упайдан топтогон Япония менен Таиланд курамалары өттү.