Япониядагы "XX Азия оюндарында" байдарка жана каноэ боюнча мелдештер уланууда. Төрт кишилик байдаркада 500 метр аралыкка өткөн финалдык жарышта Кыргызстан курама командасынын спортчулары Ерлан Султангазиев, Урмат Ыманбеков, Рысбек Төлөмүшов, Родион Туйгунов 1:26.341 жыйынтыгын көрсөтүп, 5-орунга ээ болушту.
Бул аралыкта Азия оюндарынын чемпиону болуп Түштүк Кореянын курамасы аталды. Күмүш медалды Кытайдын кайыкчылары багындырса, коло медалды Япония курамасы алды.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44