Денис Петрашов Азия оюндарында 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалга чыкты
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдештер уланууда. 24-сентябрда кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 200 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалга өттү. 

Старттык алдын ала сүзүүдө ал аралыкты 2:11.13 убактысында өтүп, марага биринчи болуп келди. Бул алдын ала сүзүүлөрдүн ичинен 3-көрсөткүч болуп калды. Аталган аралыктагы финалдык сүзүү бишкек убактысы боюнча саат 14:19га белгиленген.

Аннотация 2026-09-24 105441.jpg 72.25 KB

21-сентябрда Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сууда сүзүү боюнча финалдык жарышта 4-орунду ээлеген.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44