Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдештер аяктады. Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 200 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык мелдеште 2:08.67 жыйынтыгын көрсөтүп, Азия оюндарынын күмүш медалын багындырды.
Бул Кыргызстандын сууда сүзүү тарыхындагы Азия оюндарында утуп алган эң биринчи байге.
Мелдеште япониялык Шин Охаши 2:04.83 убактысы менен жаңы дүйнөлүк рекорд коюп, Азия оюндарынын чемпиону болду. Ал эми коло медалды түштүк кореялык Сон Чжэ Чо 2:08.76 көрсөткүчү менен жеңди.
