XX Азия оюндарынын алкагында оор атлетика боюнча мелдештер өттү. 65 килограммга чейинки салмак категориясында Кыргызстандын атынан катышкан Дастан Иманалиев мелдештин жыйынтыгы боюнча 7-орунду ээледи.
Спортчу жулкуп көтөрүүдө 120 кг, түртүп көтөрүүдө 140 кг жыйынтык көрсөтүп, эки көнүгүүнүн суммасында 260 кг топтоду.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44