Бүгүн, 25-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча мелдеште +90 кг салмак категориясында Мырзакир Кошалиев беттештерин баштайт.
Анын алгачкы атаандашы түркмөнстандык Довлет Исламов болот.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44