Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдештер өтүүдө. 25-сентябрда кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 50 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалга өттү. Старттык алдын ала сүзүүдө ал аралыкты 27,45 секунд убактысында өтүп, марага биринчи болуп келди. Аталган аралыктагы финалдык сүзүү Бишкек убактысы боюнча саат 14:05ке белгиленген.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44