Денис Петрашов 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө 5-орунду алды
25 Сент, 14:12
158
25-сентябрда кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Азия оюндарында 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө 5-орунду ээледи. Ал аралыкты 27,18 секунд убактысында өтүп, марага бешинчи болуп келди.
Алтын медалды кытайлык Цин Хайанг, күмүш медалды Лью Жунже, коло медалды япониялык Охаши Шин жеңип алышты.Аннотация 2026-09-25 141211.jpg99.62 KB19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.