Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курамасы медалдык эсепте 25-орунда келе жатат
Новость

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курамасы медалдык эсепте 25-орунда келе жатат.

24-сентябрда спорттун 13 түрү, анын ичинде сууда сүзүү, жеңил атлетика, оор атлетика жана ушу боюнча жалпы  56 медалдар топтому ойнотулду. Кыргызстандын куржунуна кезектеги маанилүү байгени суучул Денис Петрашов салды. Ал брасс ыкмасы менен 200 метрлик аралыкта маарага экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынды.

Бул Кыргызстандын ХХ Азия оюндарындагы  төртүнчү байгеси болуп калды. Учурда өлкө куржунунда бир күмүш жана үч коло медаль бар. Буга чейин ММА мушкерлери Дастан Каныбек уулу, Ырыскелди Дүйшеев, Сыймык Жаныбек уулу коло байгенин ээси болушкан. 

25-сентябрга карата медалдык эсепте алдыңкы 10 өлкөнүн сап башында Кытай Эл Республикасы турат. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Иран Ислам Республикасы, Таиланд, Гонконг (Кытай), Түндүк Корея, Малайзия бар.