Грек-рим күрөшүнөн Азия оюндарына кимдер катышат?
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 6 балбан катышат.

Алар:
1. Жоламан Шаршенбеков - 60 кг 
2. Раззак Бейшекеев - 67 кг
3. Акжол Махмудов - 77 кг
4. Асан Жанышов - 87 кг
5. Үзүр Жусупбеков - 97 кг
6. Мурат Ботаев - 130 кг

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү өтөт. Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да, ал эми финалдык бөлүгү саат 15:00дө башталат. Мелдештерди УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар.