Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү 2-октябрдан тартып беттешке чыгат
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарына Кыргызстандан эркин күрөш боюнча  6 балбан катышат.

Алар: 1. Бекзат Алмаз уулу - 57 кг
2. Эрназар Акматалиев - 65 кг
3. Орозобек Токтоманбетов - 74 кг
4. Малик Шаваев - 86 кг
5. Каныбек Абдулхаиров - 97 кг
6. Арсланбек Турдубеков - 125 кг

Эркин күрөш боюнча мелдештер 2-3-октябрь күндөрү өтөт. Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да, ал эми финалдык бөлүгү саат 15:00дө башталат. Мелдештерди УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар.