Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын намысын 3 спортчу коргойт
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарына Кыргызстандан кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 спортчу катышат.

Алар: 1. Сезим Жуманазарова - 62 кг 
2. Мээрим Жуманазарова - 68 кг
3. Айпери Медет кызы - 76 кг

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер 30-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт. Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да, ал эми финалдык бөлүгү саат 15:00дө башталат. Мелдештерди УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар.