Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 30-сентябрда күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнү башталат. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде грек-рим күрөшүнөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.
30-сентябрда килемге чыга турган кыргызстандык балбандардын тизмеси:
Раззак Бейшекеев -Грек-рим күрөшү, 67 кг
Асан Жанышов - Грек-рим күрөшү, 87 кг
Мурат Ботоев - Грек-рим күрөшү, 130 кг
Мээрим Жуманазарова - Кыз-келиндер күрөшү, 68 кг
Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча:
07:30 - алдын ала, тандап алуу жана чейрек финалдык беттештер башталат.
15:00 - финалдык бөлүк. Коло медаль жана алтын медаль үчүн күрөштөр башталат.
Кыргызстандын балбандарынын катышуусундагы бардык күрөштөрдү УТРК СПОРТ каналы аркылуу түз эфирде көрө аласыздар.