Эки кишилик байдаркадагы жарышта Кыргызстан курамасы 8-орунду ээледи
Новость

Эки кишилик байдарка боюнча мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында 8-орунду ээледи. 

Мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, Кыргызстандын намысын Ерлан Султангазиев менен Рысбек Төлөмүшов коргошту. Алдын ала жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи болуп келип, үчүнчү мыкты көрсөткүч менен түз эле финалга жолдомо алышкан.

25-сентябрда өткөн финалдык жарышта кыргызстандык спортчулар алгачкы 250 метр аралыкта алдыда бара жатышкан. Бирок андан ары бул темпти кармап кала алышкан жок. Жыйынтыгында маарага 8-болуп келишти. Бул жарышта Түштүк Кореянын командасы чемпион болсо, Япония экинчи жана Иран үчүнчү орунду ээледи.