Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында бокс боюнча мелдештер уланууда. 25-сентябрда 60 кг чейинки салмакта күч сынашкан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу тажикстандык Акмал Убайдовго каршы беттешке чыккан.
Экинчи раунддун башында тажикстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулун башы менен сүзүп алган. Жыйынтыгында дарыгерлер Мунарбек Сейитбек уулуна беттешти улантууга уруксат беришкен жок.
Жеңиш тажикстандык боксчуга ыйгарылып, Мунарбек Сейитбек уулу Азия оюндарынан четтеди.