Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Жайкы Азия оюндарында 2-октябрь күнү эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде эркин күрөштөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.
2-октябрда килемге чыга турган кыргызстандык балбандардын тизмеси:
Эрназар Акматалиев - Эркин күрөш, 65 кг
Малик Шаваев - Эркин күрөш, 86 кг
Арсланбек Турдубеков - Эркин күрөш, 125 кг
Айпери Медет кызы - Кыз-келиндер күрөшү, 76 кг
Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча:
07:30 - Тандап алуу жана чейрек финалдык беттештер башталат.
15:00 - Финалдык бөлүк. Коло медаль жана алтын медаль үчүн күрөштөр башталат.
Кыргызстандын балбандарынын катышуусундагы бардык күрөштөрдү УТРК СПОРТ каналы аркылуу түз эфирде көрө аласыздар.