XX Азия оюндары: 3-октябрда Кыргызстандан кимдер күрөшөт?
Новость

Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Жайкы Азия оюндарында 3-октябрь күнү күрөш боюнча мелдештердин акыркы күнү өтөт. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынан эркин күрөштөн 3 балбан чыгат.

3-октябрда килемге чыга турган кыргызстандык балбандардын тизмеси:

Бекзат Алмаз уулу - Эркин күрөш, 57 кг

Орозобек Токтоманбетов - Эркин күрөш, 74 кг

Каныбек Абдулхаиров - Эркин күрөш, 97 кг

Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча:

07:30 - Тандап алуу жана чейрек финалдык беттештер башталат.

15:00 - Финалдык бөлүк. Коло медаль жана алтын медаль үчүн күрөштөр башталат.

Кыргызстандын балбандарынын катышуусундагы бардык күрөштөрдү УТРК Спорт каналы аркылуу түз эфирде көрө аласыздар.