Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия оюндарында 1500 метрге чуркоодо финалдык баскычка чыга албай калды
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика боюнча мелдештер уланууда. Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдешке катышты.

Экинчи алдын ала тандоо жарышында мекендешибиз аралыкты 3:46.45 убактысы менен чуркап өтүп, 7-орунга ээ болду. Натыйжада бул көрсөткүч Нурсултан Кеңешбековго финалдык жарышка чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок. Жалпы тизмеде 13-орунга ээ болду.