Кыргызстандык боксчулар Зафарбек Камилов менен Бакыт Токтосун уулу Азия оюндарында жеңилүүгө дуушар болушту
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында бокс боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар Зафарбек Камилов менен Бакыт Токтосун уулу чейрек финалга өтө албай калышты.

55 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Зафарбек Камилов калыстардын чечими менен япониялык Руи Ямагучиге жеңилип калды.

Ал эми 90 килограммга чейинки оор салмакта өлкө намысын коргогон Бакыт Токтосун уулу Бахрейндин боксчусу Хорхе Лобайна менен беттешип, 2:3 эсебинде утулуп калды.

Муну менен кыргызстандык эки спортчу тең Азия оюндарындагы мелдешин жыйынтыкташты.