Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдеште кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык спортчулар стартык беттештерин өткөрүштү.
Бегай Бейшеналы кызы 1/32 финалдык этапта Казакстандан келген спортчу Роза Нурмахамметова менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.
Ушул эле салмакта өлкө намысын коргогон Айгерим Адаминова 1/16 финалдык баскычта япониялык спортчу Нацуми Курокиге 0:10 эсебинде алдырып койду.
Муну менен эки спортчу тең Азия оюндарындагы мелдештерин аякташты.