Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия оюндарындагы старттык беттешинде Иранга жеңилди
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркектер арасында волейбол боюнча тайпалык баскычтагы оюндар башталды. 

Кыргызстан улуттук курама командасы алгачкы беттешин Иран курамасы менен өткөрүп, үч партиянын жыйынтыгында (11:25, 16:25, 20:25) жеңилүүгө дуушар болду.

Кыргызстандык волейболчулар "В" тайпасында оюндарга чыгып жатышат. Бул тайпада алардан тышкары Иран, Индонезия жана Таиланд курамалары бар.

28-сентябрда Кыргызстан курамасы Индонезия курама командасына каршы, 29-сентябрда Таиланд курамасына каршы оюн өткөрөт.