Боксчу Мырзакир Кошалиев жарым финалга чыгуу үчүн казакстандык мушкер менен беттешет
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 27-сентябрда бокс боюнча чейрек финалдык (1/4 финал) мелдеш өтөт.

90 килограммдан жогору салмакта беттешке чыгып жаткан Кыргызстан курамасынын капитаны Мырзакир Кошалиев жарым финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн Казакстандан келген атаандашы Айбек Оралбай менен күч сынашат.