Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келди
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында өлкө намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 26-сентябрда  Кыргызстанга кайтып келишти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов XX Азия оюндарынын алкагында 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө күмүш медаль жеңип алган.