Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 28-сентябрда жеңил атлетика боюнча финалдык мелдешке кыргызстандык спортчу катышат.
Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөсү Мария Коробицкая 5000 метр аралыкка чуркоо боюнча финалдык этапта өлкө намысын коргойт. Мелдешти УТРК СПОРТ каналынан саат 16:05тен тартып көрө аласыздар.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44