Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия оюндарында экинчи беттешинде Индонезияга жеңилди
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркектер арасында волейбол боюнча тайпалык баскычтагы кезектеги беттештер өттү. Кыргызстан улуттук курама командасы экинчи оюнунда Индонезия курамасы менен кездешип, үч партиянын жыйынтыгында (25:27, 21:25, 15:25) жеңилүүгө дуушар болду.

Эскерте кетсек, алгачкы беттеште мекендештерибиз Иран волейболчуларына 0:3 эсебинде жеңилип калышкан.

"В" тайпасындагы акыркы беттешин Кыргызстан курамасы эртең, 29-сентябрда Таиланд курама командасына каршы өткөрөт.