Кум үстүндөгү волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы мелдешин жыйынтыктады
Новость

Японияда өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы медаль үчүн күрөштөн четтеди.

Өлкө намысын коргогон Огулай Кудайкулова менен Роза Расулбек кызы “С” тайпасын туш келип, анда Түштүк Кореянын командасын жеңсе, Кытайдын курамасына утулган. Жыйынтыгында өз тобунда 2-орунду ээлеп, плей-офф баскычына жолдомо алган.

Бүгүн, 28-сентябрда чечүүчү 1/4 финалдык беттештер өттү. Чейрек финалда Кыргызстандын волейболчулары кожоюн өлкө Япониянын командасы менен кез келип,  2:0 эсебинде утулду.  Бул жеңилүүдөн кийин Кыргызстандын курамасы Азия оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады.

Эске салсак, Күн чыгыш өлкөсүндө өтүп жаткан бул ири мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 11 миңден ашык спортчу катышууда. Алардын катарында Кыргызстандан барган 174 атлет спорттун 28 түрү боюнча өлкө намысын коргоп жатат. Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш жана 3 коло медаль бар.