18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Италиянын Езоло шаарында (Венеция) юниорлор жана кадеттер арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Дүйнөлүк биринчиликке 80 өлкөдөн келген жаш спортчулар катышты.
Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы жогорку чеберчиликти көрсөтүп, өлкө куржунун 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло) менен толуктады.
Жеңүүчүлөр:
Абуубакр Алимов 48 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) юниорлор арасында Дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды;
Даниэль Дрожжаков 57 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) күмүш медалга ээ болду;
Самир Лю 67 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду;
Рабия Исраилова 44 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) коло медаль багындырды.



