Кыргызстандык жөө күлүк Анна Коробовцева Японияда өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында 800 м аралыкта жарышка чыгат. Жеңил атлетика боюнча мелдештер бүгүн, 28-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө башталат.
Анна Коробовцева 2026-жылкы спорттук сезондо бир катар эл аралык ири мелдештерге катышып, өзүнүн жеке рекорддорун жаңылоону улантууда. Жеңил атлет бул жылы Азербайжанда өткөн Афган Сафаровдун 29-эл аралык мемориалында 800 м аралыкты 2 мүнөт 11,34 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Бул көрсөткүч анын карьерасындагы 800 метрге чуркоодогу эң мыкты жеке рекорду болуп калды. Ал эми 400 м аралыкта 57,36 секунддук жыйынтык менен коло байгенин ээси болгон.
Ошондой эле Тажикстанда өткөн Олимпиада чемпиондору Андрей Абдувалиев менен Дилшод Назаровдун байгесине арналган ачык турнирде 800 метр аралыкта катышып, 2 мүнөт 13,00 секунд жыйынтыгы менен күмүш медаль жеңген.
Ал эми Казакстанда өткөн Гусман Косановдун 35-эл аралык мемориалында 400 метрге чуркоодо 56,34 секунддук жыйынтык көрсөтүп, 4-орунду ээлеген. Бул убакыт анын 400 м аралыктагы жаңы жеке рекорду катары катталды. Ошол эле мелдеште 800 метрге чуркоодо 2 мүнөт 12,53 секунд көрсөткүчү менен 5-орунга жайгашкан.
Мындан тышкары Анна Коробовцева 800 м аралыкта Кыргызстандын чемпиону, 400 жана 800 м аралыктарда Кыргызстандын универсиада оюндарынын жеңүүчүсү. 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын катышуучусу.