Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында 28-сентябрда күрөш боюнча мелдеште 78 килограммга чейинки салмак даражасында өлкө намысын коргогон кыргызстандык спортчулар старттык беттештерин өткөрүштү.
Саниет Талайбекова алгачкы айлампада Түркмөнстандын спортчу Нурана Хезретова менен беттешип, 0:10 эсебинде жеңилди. Ушул эле салмакта күч сынашкан Ажар Исаева да өзбекстандык спортчу Покизахон Камолдиновага 0:10 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен кыргызстандык спортчу айымдар Азия оюндарындагы мелдешин аякташты.