Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Мальдив аралдары курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт
Новость

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.

Бул беттеш улуттук кураманын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астындагы алгачкы оюн. 

Эл аралык футбол федерациясынын акыркы жаңыланган рейтингинде Кыргызстан 106-орунда жайгашса, анын бүгүнкү атаандашы Мальдив аралдары курама командасы 172-сапта турат.

Бул жолдоштук кездешүүнү тейлей турган калыстар тобу да расмий аныкталды. Беттештин башкы калысы болуп Тажикстандан келген рефери Саеджон Зайниддинов дайындалды. Ага каптал сызыктарда мекендештери Фарход Куралов менен Исмоил Нуралиев жардам беришет.

Ал эми резервдик калыстын милдетин кыргызстандык Салохиддин Азаматов аткарат. Ошондой эле бул оюнда VAR тутуму иштейт. Видео кайталоолорду кароо бөлмөсүндө Кыргызстандын өкүлдөрү Сейит Дөөлөткелди уулу менен Адинай Кылычбек кызы иш алып барат.