Ош шаарында жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү жаңы заманбап Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Жаңы КТБ Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсү, 194-195А дарегинде жайгашкан. Борбордун жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт.
КТБда 38 адис иштеп, күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат. Жарандар үчүн электрондук кезек, кеңири тейлөө залы, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал каралган.
Мындан ары Ош шаарынын тургундары мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби менен бир жерден тез жана ыңгайлуу ала алышат.
Жаңы борбордо заманбап технологиялар колдонулуп, жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга шарт түзүлдү.




