29-сентябрда Азия оюндарынын алкагында классикалык жаа атуу боюнча эркектер арасында 1/24 тандоо туру болуп өттү.
Өлкө намысын коргогон кыргызстандык спортчулар атаандаштарына утулуп, мелдешти андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.
Улукбек Курсаналиев бутандык спортчу Лам Доржиге (Lam Dorji) 0:6 эсебинде утулуп калды.
Эмирбек Машев малайзиялык жаа атуучу Черн Син Куикке (Chern Xin Quik) 2:6 эсебинде жеңилди.