29-сентябрда күрөш (кураш) боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарынын алкагында 66 килограмга чейинки салмак категориясында беттешке катышып, жарым финалга чыкты.
Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде жеңди.
Чейрек финалда Кубанычбек Айбек уулу Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хёнсуну 10:0 эсебинде утуп, мелдештин жарым финалына жолдомо алды.
Жарым финалдык беттештер Кыргызстан убактысы боюнча 11:00до башталат.