29-сентябрда Азия оюндарында күрөш (кураш) боюнча эркектер арасындагы мелдештер уланууда.
66 кг чейинки салмакта Кыргызстандын курама командасынын өкүлү Ислам Камчыбеков 1/16 финалдык этапта Ирандан келген Вахид Бариманлу Мажид менен беттешти.
Беттештин жыйынтыгында ирандык спортчу 5:0 эсебинде жеңишке жетти. Ушуну менен Ислам Камчыбеков Азия оюндарындагы мелдештерин жыйынтыктады.