Азия оюндары: Волейбол боюнча улуттук курама медаль үчүн күрөштөн четтеди
Новость

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында үчүнчү беттешинде жеңилип, медаль үчүн күрөштөн четтеди. Тайпалык этаптын жыйынтыктоочу 3-турунун беттеши бүгүн, 29-сентябрда өттү. Анда кыргызстандык волейболчулар Таиланд курамасы менен кез келип, оюн 3:0 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктады.

Буга чейинки оюндарда улуттук курама Иран менен Индонезиянын командаларына 3:0 эсептеринде  утулган. Мындай жыйынтык менен  Кыргызстан бир дагы упай топтой албай, өз тайпасында 4-орунду ээледи. 

Эми улуттук курама Азия оюндарында 9-16-орунга чейинки позицияларды аныктай турган жубатуучу беттештерди өткөрөт.