Кыргызстандык жаа атуучулар Азия оюндарындагы мелдештерин жыйынтыкташты
Новость

29-сентябрда Азия оюндарынын алкагында жаа атуу боюнча жекелик мелдештер аяктады.

1/24 финалдык этапта Элиза Тыналиева малайзиялык мерген Джоуи Син Лей Танга жеңилип калды. 

Ал эми Динар Бекбалиева баштапкы беттешинде ливандык Марианна Алламды ишенимдүү жеңип алганы менен, 1/16 финалда япониялык спортчу Нанами Асакуного утулду. 

Ушуну менен Кыргызстандын мергендери Азия оюндарындагы чыгууларын аякташты.