29-сентябрда волейбол боюнча Кыргызстан курамасы Таиланд менен беттешет
Новость

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркектер арасындагы волейбол боюнча "В" тайпасындагы беттештер уланууда.

Кыргызстандын улуттук курама командасы кезектеги оюнун Таиланд курамасына каршы өткөрөт. 

Буга чейин мекендештерибиз тайпалык баскычта Иран жана Индонезия курамалары менен беттешип, жеңилип калышкан эле.

Беттешти саат 07:00дө УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар.