Азия оюндарынын алкагында 29-сентябрда күрөш (кураш) боюнча Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу 66 килограмга чейинки салмак категориясында жарым финалда беттешке чыкты.
Ал ирандык Вахид Бариманлу Мажидге каршы күрөшүп, жеңилип калды. Муну менен Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.