Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында эртең, 30-сентябрда дзюдо боюнча мелдеш башталат. Таймаштын алгачкы күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынын 3 спортчусу татамиге чыгат.
Эркектер арасында 60 кг салмакта Түгөл Канатбек уулу чыкса, 66 кг ченде Кубанычбек Айбек уулу күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер арасында 52 кг салмакта Сабира Кожомбердиева бетеш өткөрөт.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу бүгүн кураш күрөшү боюнча коло медаль жеңип, өлкө куржунуна бешинчи байгени салды.
Алдын ала жана тандап алуу беттештери Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 08:00дө башталат. Ал эми финалдык бөлүк күндүзгү саат 14:00гө белгиленген.
Дзюдо боюнча Кыргызстан курамасында жалпы 13 спортчу барган.